Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Кандайдыр бир максат үчүн тырышып, тыным албай, жан талаша иштөө, катуу киришүү, кара жанын карч уруу. Алдыга койгон максатыңдын туу чокусуна жетмейинче жаныңды сабап иштегин (Бердикеев). Канчалык жанымды сабасам да, бир чоң илимий эмгегимди чүргөп бүтүргөнгө чактым жеткен жок («Кыргызстан маданияты»). Ушундай кыйын мезгилде аларды багуу үчүн жанды сабап иштеш гана керек (Абдукаримов). 2. Бир нерсени далилдөө, же эч нерсени мойнуна албоо максатында жанталаша катуу аракеттенүү, аябай киришүү. Кудай-теңир урсун, ошондогу мен көргөн кичинекей кагаз дал ушул болчу, - деп Ашырбек жанын сабайт (Акаев). Пудовкин мен эмесмин, - деп жанын сабап актанганына мен абдан өкүнөм (Бектенов). –Адам жакшысы деле үч түргө бөлүнөт, - деди Сырбай, Осмонду утуп чыгууга жанын сабап (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир максат үчүн тырышып, тыным албай жан талаша иштөө, катуу киришүү, кара жанын карч уруу. Алдыга койгон максатыңдын туу чокусуна жетмейинче жаныңды сабап иштегин (Бердикеев). Канчалык жанымды сабасам да, бир чоң илимий эмгегимди чүргөп бүтүргөнгө чактым жеткен жок («Кыргызстан маданияты») Ачарчылыкта балдарды багуу үчүн жанын сабап гана иштеш керек (Абдукаримов). Эмне үчүн жанын сабап мага каршыгат! (Жантөшев). 2. Бир нерсени далилдөө, же эч нерсени мойнуна албоо максатында жанталаша катуу аракеттенүү, аябай киришүү. Кудай-теңир урсун, ошондогу мен көргөн кичинекей кагаз дал ушул болчу, – деп Ашырбек жанын сабайт (Акаев). Пудовкин мен эмесмин, – деп жанын сабап актанганына мен абдан өкүнөм (Бектенов). – Адам жакшысы деле үч түргө бөлүнөт, – деди Сырбай, Осмонду утуп чыгууга жанын сабап (Осмоналиев). В.: Жанын үрөө. Мындай турмушка жетсем деп ак эткенден так этип, жанын үрөп жүргөндөр канча («Советтик Кыргызстан») Тоголок Молдо балдардын сабатын ылдам ачууга жанын үрөп камынган далалатынын үзүрүнө толук чыкпай, ара жолдон өксүдү (Бейшеналиев).